КАРА-БУЛАК КѲРҮСТѲНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУЛАК КѲРҮСТѲНҮ – биздин замандын II–IV кылымдарына
таандык дөбө-мүрзѳлѳр. Баткен облусунун Баткен
районундагы Кара-Булак айылынан 2 км түштүк­тѳ, Түркстан тоо кыркаларынын этегинде жай­гашып, 900дөн ашык мүрзѳдѳн жана таш корум­чалардан турат. Алар – казанактуу жарма жана
төрт бурчтуу жөнөкөй көрлөр. Көрүстөндөрдүн жалпы аянты 1500x150-250 м. Мүрзөлөрдүн диа­метри 6-25 м, бийиктиги 0,30-1,7 м.

Индиялык бийчи аялдын
сөлөкөтүндѳгү коло күзгүнүн
сабы.

Жарма көр­лөргө көмүлгөн адамдардын сөөгү чалкасынан
же оң жак капталына жаткырылган абалда,
баштары түштүккө багытталып, саман же арча
бүчүрлөрү төшөлүп, табытка салынып коюлган.
Адамдын денеси катырылып коюлган мүрзөлөр
да кездешет. Мүрзөлөрдөн жибек кездемелер,
чопо жана жыгач идиштер, темир бычак, жаң­гак, койдун сөөктѳрү салынган себеттер, отургуч­тар жана башка буюмдар көп табылган. Эркектер көмүлгөн мүрзөлөрдөн канжар, жаа, жебенин уч­тары, ал эми аялдар коюлган көрлөрдө азем
буюмдар (анын ичинде индиялык бийчи аялдын сөлөкөтүндөгү салынган коло күзгүнүн сабы), ийик­тин башы, себеттер көбүрөөк кездешкен. 1954-–1959-жылдары археолог Ю. Д. Баруздин 140тай, 1976-жылы
археолог В. П. Мокрынин 20дан ашуун мүрзөнү
казып, изилдеген.