КАРА-БУЛАК (Баткен районундагы кыштак)
КАРА-БУЛАК - Баткен районундагы кыштак. Кара-Булак айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баткен шаарынан 20 км түштүк тарапта. Исфара темир жол бекетинен (Тажикстан) 42 км. Калкы 2862 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.