КАРА-БЕЙИТ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:27, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БЕЙИТ КӨРҮСТӨНҮ – VI–VIII кылымдарда жаша­ган түрк урууларына таандык мүрзөлөр. Алай районундагы Сары-Таш айылынын чыгыш тара­бында жайгашып, 100дөй дөбө-мүрзөлөрдөн ту­рат. Адамдардын сөөгү топурак көрлөргө кою­луп, таш такталар менен жабылып, баш жагына төрт кырлуу таш түркүк орнотулган. Анда бир нече рун тамгасына окшош белгилер чегилген. 1961-жылы Ю. Д. Баруздин бир нече мүрзө-дөбөнү казып, изилдеген.