КАРА-БАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БАК (1971-ж. чейин Раут-Коргон) – Бат­кен р-нундагы кыштак. Кара-Бак айыл округу­на караштуу. Деңиз деңг. 810 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Баткен ш-нан 12 км түн. тарапта. Исфара т. ж. бекетинен (Тажик­стан) 20 км. Калкы 6,6 миң (2011); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эм­гектенет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, амбулатория, дарыкана бар.