КЕНИЯ (мамлекет)
КЕ́НИЯ , К е н и я Р е с п у б л и к а с ы – Чыгыш Африкадагы мамлекет. Түш.-чыгышынан Инди океаны, түш.-батышынан Виктория көлү м-н чулганып, түндүгүнөн Судан ж-а Эфиопия, чыгышынан Сомали, түштүгүнөн Танзания, батышынан Уганда м-н чектешет. Аянты 581,8

миң км2. Калкы 35,1 млн (2008). Борбору – Найроби. Расмий тили – англис ж-а суахили тилдери. Акча бирдиги – К. шиллинги. Адм.-айм. жактан 8 провинцияга бөлүнөт.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)
К. – БУУнун (1963), Шериктештиктин (1963), Африка союзунун (1963), ЭВФтин (1964), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К. – унитардык мамлекет. 1963-ж. 12-декабрда Конституциясы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга шайланат). 35 жаштагы К-нын жараны президенттикке шайланууга укуктуу.
Мыйзам чыгаруу бийлиги – бир палаталуу парламент – Улуттук ассамблеяга таандык (5 жылга
шайланып, 224 депутаттан турат) Өкмөт президент, премьер-министр (2008-жылдан) ж-а министрлерден турат. К-да көп партиялуу система
орун алган. Саясий партиялары – Улуттук биримдик партиясы, Сары кызыл демокр. кыймылы.
Табияты
. К-нын аймагынын басымдуу бөлүгү
Чыгыш Африка бөксө тоосунун түн.-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Деңиз деңг. орт. бийикт.
чыгышында 500 мден, батышында 1500 мге чейин. Бөксө тоонун борб. бөлүгү аркылуу тектон. ойдуңдардын кууш тилкеси (Чыгыш Африка риф системасынын чыгыш тармагы) өтөт; ал ойдуңдардын айрымдарына суу толуп, көлдөр (Рудольф, Баринго, Магади) пайда болгон. Ойдуңдар чыгышынан ж-а батышынан бийик кырка тоолор (чыгышынан Абердэр, эң бийик жери 4000 м; батышынан Мау ж-а Элгейо, 3000 м),
жанартоо массивдери (5199 м, Кения чокусу –
К-нын эң бийик жери) ж-а лава платолору м-н торолгон. К-нын батыш бөлүгүн калдык тоолору бар бийик келки бөксө тоо ээлейт. Чыгышында бөксө тоо аккумуляциялык жээк түздүгүнө (жазылыгы 50–200 км) тепкичтенип
түшөт.
К-нын аймагы кембрийге чейинки кристаллдык ж-а метаморфизмделген тоо тектерден (гранит, гнейс, кварцит, кристаллдык сланец) түзүлүп, жаракалар зонасы кайнозой лавалары м-н капталган. Жээк түздүктөрү мезозойдун ж-а неоген-төртүнчүлүк мезгилдин деңиз чөкмөлөрүнөн турат. Табигый сода ж-а флюорит кендеринин запасы мол; цемент, курулуш акиташ теги, диатомит, бентонит, каолин, вермикулит, гипс, талаа шпаты, айнек ж-а курулуш куму, баалуу таштардын (аметист, аквамарин, кордиерит, жашыл гранат, рубин, сапфир, турмалин) ө. ж-лык мааниси бар. Алтын, темир, ниобий, сейрек жер элементтери, коргошун, күмүш, никель, титанциркондуу оор кум чачыранды кендери да белгилүү. Геотерм ресурстарынын запасы да мол.
К-да субэкватор климаты үстөмдүк кылат;
аймагы кыйла бийик жайгашкандыгына байланыштуу өтө ысык эмес, ным салыштырмалуу жетишсиз. Тайпак тоодо темп-ранын суткалык өзгөрүүсү зор, климаттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат. Июлдун орт. темпрасы жээк бөлүгүндө 24–25°С, тоолуу аймактын
борб. бөлүгүндө 12–15°С, батышында 22°С; январдыкы ошол эле тартипте 27°С, 14–18°С, 24°С. Экваторго жакын жаан-чачындуу 2 сезон (март– апрель ж-а ноябрь–декабрь) болот; түндүгүндө
ж-а түштүгүндө жаан-чачындын жайкы максимуму даана байкалат. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү өлкөнүн эң кургакчыл түн.-чыгышында 250 ммден батышында ж-а түш.-батышында 1500–2000 ммге чейин. Кения тоосунда
(4700–4800 м бийикте) төр ж-а өрөөн тибиндеги
ондон ашык чакан мөңгү бар. Мөңгүлөрүнүн бардыгы чегинип баратат. Дарыялары сейрек, суусу аз; түндүгүндө ж-а түн.-чыгышында агым айрым сезондо же мезгил-мезгили м-н пайда
болот. Ири дарыялары – Тана, Галана Инди
океанынын алабына кирет. Өлкөнүн борб. бөлүгүндөгү ойдуң суусу сыртка агып чыкпаган туюк облуска кирет. Көлдөрүнүн Викториядан башкалары (Викториянын акваториясынын чыгыш бөлүгү К-нын чегинде) туюк, тектон. кыймылдан пайда болгон (Рудольф, Баринго, Магади ж. б.) көлдөр.
Аймагынын басымдуу бөлүгүн феррозём топурактары ээлейт, чыгышында ж-а түн.-чыгышында шор жерлер да кездешет. Тоолоруна кызыл ферралит, Инди деңизин жээктей күңүрт түстөгү силитозём топурактары мүнөздүү. Флорасынын курамында татаал өсүмдүктөрдүн 6000 түрү бар; алардын 150дөн ашуун түрү сейрек ж-а жоголуп бараткандар. Токой ж-а сейрек токой өлкөнүн аймагынын 30%ин ээлейт. Эң кургакчыл түн. ж-а түн.-чыгыш бөлүктөрүнө тикендүү токой ж-а бадалдар, ксерофилдик сейрек токой мүнөздүү. Алар түштүктү карай өлкөнүн басымдуу бөлүгүн ээлеген чөлдөшкөн саваннага (ньикага) өтөт. Өлкөнүн нымдуу батыш бөлүгүндө негизинен экинчи жолку өскүлөң саванна ж-а парк сымал тараган токой басымдуу. К-нын борб. бөлүгүндө баалуу дарактарга бай дайыма жашыл нымдуу тоо токою, Кения ж-а Элгон тоолорунун кырларында африка-альп өсүмдүктөрү өсөт. Жээктей мангр токойлору кездешет. К-нын жаныбарлар дүйнөсү өтө ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт; анда сүт эмүүчүлөрдүн 400дөн, куштардын 1100дөн, сойлоочулардын 360тан,


жерде-сууда жашоочулардын 75тен ашык түрү мекендейт. Саванналарда ар түрдүү туяктуулар көп; алар көңдөй мүйүздүүлөр (африка буйволу, гну антилопасы, орикс, топи, стенбок, бушбок, жейрен ж. б.), о. эле африка пили, кара керик, жираф, зебра ж. б.; жырткычтардан арстан, кабылан, кара кулак шер, каракал ж. б. кездешет. Саваннанын орнитофаунасына африка төө кушу, бүркүт-турна, тоодак ж. б. мүнөздүү. Рудольф көлүндө нил крокодилинин эң ири популяциясы бар.
Коргоого алынган көптөгөн табигый аймактар өлкөнүн 6% аянтын ээлейт; резерваттары: Амбосели, Масаи-Мара, Нгонг, улуттук парктары: Маунт-Кения, Найроби, Цаво ж. б.; деңиз фаунасын ж-а коралл рифинин экосистемасын коргоо максатында деңиз акваториясын коргоого алган 11 участок уюшулган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Рудольф көлүндөгү 3 улуттук парк, Маунт-Кения улуттук паркы кирет. Эл аралык маанидеги суулуу-саздак жерге 6 көл киргизилген. 1980-жылдын аягынан баштап К-дагы жоголуп бараткан жаныбарлардын (африка пили, кара керик, хантер бубаласы ж. б.) түрлөрүн коргоо б-ча улуттук программа ишке ашырылууда.
Калкы
. К-нын калкынын басымдуу бөлүгү (64,6%) – бантулар; алар негизинен өлкөнүн түштүгүн ж-а түш.-чыгышын мекендейт. Батышта нилоттор (калктын 30,4%и), чыгышта ж-а түш.-чыгышта кушиттер жашайт. Арабдар 0,3%ти, Европадан ж-а Америкадан келгендер 0,2%т и, Тү ш.-Чыгыш Азия дан келгендер 0,5%ти түзөт. Калктын табигый өсүүсү 2,8% (2007). Төрөлүү (1000 адамга 39 бала) өлүм-житимден (1000 тургунга 11 адам) 2 эсе ашык. 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 42,1%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 55,3%ти, 65 жаштан ашкандар 2,6%ти түзөт. Калктын орт. курагы 18,6 жыл. Эркектер м-н аялдардын саны тең чамалаш. Күтүлгөн орт. жашы 55,3 жыл (эркектердики 55,2, аялдардыкы 55,4). Калктын орт жыштыгы: 1 км2 жерге 60,4 адам (2007); Түн.-Чыгыш провинциясында сейрек (11,2 адам), Батыш провинциясында эң жыш (524,9 адам) отурукташкан. Шаар калкы 30%тей. Ири шаарлары (2007): Найроби (3038,6 миң), Момбаса (867,0 миң), Накуру (271,0 миң), Элдорет (239,7 миң), Кисуму (225,5 миң). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,521 (дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 148-орунда; 2005).
Тарыхы
. К. аймагынан адамзат тарыхынын эң байыркы эстелиги – Кооби-Фора тургун жайы, көп катмарлуу ашель мад-на ж-а неолит дооруна таандык тургун жайлар табылган. 1- миң жылдыктын ортосу ченде К. аймагына бантулар отурукташып, эң жөнөкөй дыйканчылык, аңчылык ж-а мал чарбачылык м-н кесиптенишкен, Инди океанынын жээгинде жашагандар соода (пил сөөктөрүн атма куралдарга, кол өнөрчүлүк буюмдарына алмашышкан) кылышкан. 7–8-к-да суахили этностук жамааты калыптанып, арабдар м-н алакалашып турган, 9– 10-к-да шаар-мамлекеттер (Манда, Пате, Малинди, Момбаса, Ламу шаар-архипелагы ж. б.) пайда болуп, ислам дини тараган. 15-к-дын аягында шаар-мамлекеттерди португалдар басып алган. 1696–99-ж. К. жээктери Оман имамынын карамагына өткөн. 1741-ж. Момбасада уюшулган жерг. Мазруи араб-суахили кланы көз карандысыздыгын жарыялап, К. жээк аймактарына бийлигин орноткон. 19-к-дын башында Ламу ж-а Патеде Оман бийлиги калыбына келген. 1861-ж. К. жээктери Занзибар султандыгынын курамына кирген. 19-к-дын 1-жарымында К-да Европа мамлекеттеринин, баарынан мурда Улуу Британиянын экспанциясы башталган. 1886-ж. Улуу Британия м-н Германиянын ортосунда Чыгыш Африканы бөлүштүрүү ж-дө түзүлгөн келишимдин негизинде К-нын көп бөлүгү Улуу Британияга караган. К-нын бүткүл аймагы «британ королунун менчиги» деп жарыяланып, К-ны колониялоо күчөгөн. 20-к-дын башында европ. келгиндер мыйзамдуу түрдө жер ээси болушкан. Африкалыктар европалыктардын жеринде ижарачы катары гана жашап, алардын үлүшү 1 гадан ашкан эмес. К. калкынын колониячыларга көрсөткөн катуу каршылыктарын британдык жазалоо экспедициялары аёосуз басып турган. 1920–40-жылдары К-да уюмдашкан алгачкы саясий кыймыл пайда болгон. 1924–25-ж. Кикуйю ассоциация борбору, 1944-ж. К-лык африкалыктар союзу (КАС) түзүлүп, европалыктар тартып алган жерди африкалыктарга кайтарып берүүнү талап кылган. 1952-ж. октябрда К-га британ. аскер күчтөрү киргизилип, колония саясатына каршы чыккан куралдуу көтөрүлүштү баскан (1957). КАСка тыюу салынып, лидерлери камалган. Бирок Улуу Британия К-га айрым жеңилдиктерди (жумушчулардын эмгек акысы көтөрүлгөн, саясий партиялардын ишине, африкалыктарга шайлоого катышуу укуктары берилген ж. б.) берүүгө аргасыз болгон. 1960-ж. К-лык африкалыктардын улуттук союзу (КАУС) түзүлгөн. 1963-ж. 1-июнда Ж. Кениата жетектеген К-нын биринчи

өкмөтү уюшулган. 1963-ж. 12-декабрда К. көз карандысыз мамлекет, 1964-ж. 12-декабрда Шериктештик курамындагы респ. болуп жарыяланган. Өлкө президенттигине Ж. Кениата, вице-президенттигине А. О. Одинга шайланган.
Өлкөдө экон. ж-а агрардык реформалар жүргүзүлгөн. 1970-ж. коомдук-саясий иштердин бардык түрү мамл. көзөмөлгө өтүп, парт. ж-а мамл. аппараттар биригип, Кениатанын жеке бийлиги чыңдалган. 1978-ж. Кениата өлгөндөн кийин Д. Т. арап Мои К-нын президенти ж-а КАУС-тун төрагасы, М. Кибаки вице-президенти болуп дайындалган. 1982-ж. Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, өлкөдө бир партиялуу сис-
тема орун алган. 2002-ж. оппозициялык партиялардын Улуттук коалициясы (лидери М. Кибаки) түзүлүп, 2002-ж. 27-декабрда президенттик шайлоодо жеңип чыккан. М. Кибаки ЭВФ ж-а Бүткүл дүйнөлүк банк м-н кызматташып, өлкөгө акысыз башталгыч билим берүүнү киргизген. 2003–05-ж. оппозициялык партиялардын
коалициясы Р. Одинга (А. О. Одинганын уулу) жетектеген Сары кызыл демокр. кыймылына (СДК) бириккен. 2007-ж. президенттик шайлоо алдында Кибаки Улуттук биримдик партиясын (УБП) түзүп, шайлоодо жеңишке жеткен. Бирок оппозиция президенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, кайра шайлоо
өткөрүү талаптары м-н элди массалык каршылык көрсөтүү акциясына чакырган, натыйжада бир миңден ашык адам өлүп, 300 миңдей адам
үй-жайсыз калган. БУУнун мурдагы генералдык катчысы К. Аннандын күч-аракети м-н 2008-ж. февралдын аягында саясий кризис жөнгө салынган. Апрель айында СДК ж-а УБПнин өкүлдөрүнөн коалициялык өкмөт түзүү ж-а Одинганы премьер-министрликке дайындоо ж-дө макулдашууга жетишилген.
Чарбасы
. ИДПнин көлөмү 57,7 млрд доллар
(2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 1600 доллардан туура келет. ИДПнин накта өсүүсү 6,3%. Тейлөө чөйрөсүндө ИДПнин 59,5%и, а. ч-нда 23,8%и, ө. ж-нда 16,7%и түзүлөт.
Ө. ж-нда минералдык сырьёлорду өндүрүүнүн
мааниси зор: флюорит (экспорттун 17%и), сода (наркынын 63%и), алтын (11%, 616 кг), баалуу таштар (рубин, сапфир, турмалин, аметист). О. эле Магади көлүнөн ж-а Инди океанынын жээгинен таш туз казылып алынат. Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 1,1 миң МВттан ашык (2005). Өндүрүлгөн электр энергиясынын өлчөмү 5,5 млрд кВт· с, өлкө ичинде керектелгени 4,5 млрд кВт· с (2005). Он ЖЭС, Тана д-нда ГЭС, Найваша көлүнөн түштүктө геотермиялык ЖЭС иштейт. Кара металлургия импорттук сырьёнун негизинде: 4 болот прокат з-ду, цинктелген болот тунике, галваника өндүрүшү иштейт. Автомобиль кураштыруу ишканалары, нефть иштетүүчү з-д (импорттук сырьё) бар. Химия ө. ж. кальцийлештирилген сода, автомобиль ж-а велосипед шиналарын (импорттук каучуктан) чыгарат. Жыгач иштетүүчү, эмерек даярдоочу ишканалар, өлкөдөгү эң ири целлюлоза-кагаз комбинаты, курулуш материалдар ишканалары иштейт. Цементтик ж-а курулуш акиташ теги, гранит, сланец, каолин, гипс, айнек ж-а курулуш куму ж. б. казылып алынат. Ири цемент з-ддору иштейт. Текстиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш (эт-сүт, ун, кант, суусундук, пиво, чай, кофе), тамеки чыгаруучу ө. ж. ишканалары өнүккөн.
Агр. өндүрүшү өлкөнүн экономикасында маанилүү орунду ээлейт; ал негизинен экспорттук
багытта. Өлкөнүн аймагынын 8%тен ашык аянтын айдоо жер, 40%тейин жайыт ээлейт. А. ч-га жарактуу жери негизинен өлкөнүн борб. ж-а батыш бөлүктөрүндө; К-нын түш.-чыгышындагы жээк түздүктөрү дүйнөдөгү чай өндүрүүчү бирден бир регион болуп саналат (2005-ж. 295 миң т чай жалбырагы жыйналган; ал б-ча К.

дүйнөдө 4-, Африкада 1-орунда); 90%и экспортко чыгарылат. Экспорт үчүн о. эле бал камыш, жүгөрү, буудай, кофе, сизаль, пахта, пиретрум (К. дүйнө өлкөлөрүнүн 70%ке чейинки муктаждыгын камсыз кылат), ички керектөөгө картөшкө, маниок, ананас, батат, жашылча, плантейн (жашылча банан), ак жүгөрү, таруу
өстүрүлөт. Африкадан экспортко чыгарылуучу
гүлдүн 60%и К-га таандык (негизинен роза, чеге гүл). 2004-ж. 26 млн үй кушу, 12 млн бодо мал, 12 млн эчки, 10 млн кой, 830 миң төө, 415 чочко болгон. Балык кармалат. Жыгач даярдоо
өнүккөн; тез өсүүчү дарактар (кипарис, кызыл карагай, бал карагай (кедр), эвкалипт ж. б.)
өстүрүлөт.
Тейлөө чөйрөсүнүн туруктуу өнүккөн тармагы – чет элдик туризм (дарылоо-ден соолукту
чыңдоочу – Инди океанынын жээгиндеги кумдуу пляждар, экол. – улуттук парктарды ж. б.
кыдыруу); ал валютанын негизги булагы болуп саналат. Жыл сайын К-га 1 млнго жакын турист (негизинен Улуу Британия м-н Германиядан) келет; туризмден түшкөн киреше 600 млндон ашык долларды түзөт. Банк-кредиттик система Кения Борб. банкын, 50дөн ашык коммерциялык банкты, Британия банктарынын филиалдарын камтыйт. Найробиде өлкөдөгү эң чоң биржа иштейт (1954-жылдан).
Транспорт тармагы өнүккөн; автомобиль жолунун уз. 63,3 миң км, т. ж-нуку 2,8 миң км.
Негизги т. ж. магистралы – Момбаса – Найроби – Тороро (Уганда м-н чек арасы). Негизги
порттору: Момбаса, Кисуму (Виктория көлүнүн жээгинде). Найроби, Момбаса, Элдорет ш-нда эл аралык аэропорттор бар. Продукту өткөргүч кууру (уз. 894 км) Момбаса ш-ндагы нефть кайра иштетүүчү з-ддон Найробиге (андан ары Накуру аркылуу Элдорет, Кисумуга) чейин созулат.
Өлкөнүн экспортунун наркы 3,8 млрд, импортунуку 7,6 млрд доллар (2007). Экспорттук не-

гизги продукциялары: чай (наркынын 20%и), гүл, кофе, пиретрум, бал камыш, балык, цемент, минералдык сырьёлор (негизинен флюорит, сода, асыл таш сырьёлору). Экспорт б-ча негизги соода шериктери (2006): Уганда, Улуу Британия, АКШ, Нидерланд, Танзания, Пакистан. Бириккен Араб эмирликтеринен, Индия, Кытай, Сауд Арабиясынан, АКШ, ТАР, Улуу Британия, Япониядан машина, жабдуу, транспорт каражаттарын, нефть ж-а нефть продуктуларын, химия ө. ж. продукцияларын сатып алат.
Маданияты
. К-нын билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди (3 жаштан 5 жашка чейин), милдеттүү түрдө акысыз башталгыч мектептерди (8 жылдык), орто мектептерди (4 жылдык), кесиптик-тех. окуу жайларды ж-а ЖОЖдорду камтыйт. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 59,2% түзөт (2005). Кесиптик-тех. окуу жайлар, политех., пед., юрид., мед. ж. б. коллеждер (ин-ттар), ил. мекемелер, ЖОЖ-дор, китепкана ж-а музейлер негизинен Найроби, Момбаса, Элдорет ж. б. ш-да жайгашкан. Негизги ЖОЖдор: Нжородогу Эжертон ун-ти (1939), Элдореттеги Мои ун-ти (1984); Момбасада Калк китепканасы (1903), Кисум, Китал, Ламу ж. б. ш-да К. улуттук музейинин филиалдары, Руируда кофе (1949) ж-а Керичодо чай (1951) изилдөө, Тикеде Багбанчылык улуттук изилдөө (1955) борборлору бар.
Жумасына «Kenya Gazette» (1898-жылдан)
өкмөттүк басылмасы ж-а күнүгө «The Standart» (1902), «Daily Nation» (1959), «Kenya-Times»
(1983), «People´s Daily» (1992) гезиттери англис,
«Taifa Leo» (1960), «Taifa Kenya» (1958) ж. б. гезиттери суахили тилинде чыгат. Өкмөттүк
маалымат агенттиги – Kenya News Agensy (KNA,
1963-ж. түзүлгөн). 1927-жылдан радио уктуруу, 1962-жылдан телеберүү иштейт.
К-нын а д а б и я т ы суахили ж-а англис тилдеринде өнүккөн. 17–18-к-да алгачкы жазма (негизинен баатырдык, диний, дидактикалык поэмалар) эстеликтер суахили тилинде пайда болгон. Акындар Муяка бин Хаджи аль Гассани ж-а Мван Купондун чыг-лыгы 19-к-га таандык. Суахили прозасы 20-к-дын ортосунан калыптана баштап, Ж. Н. Сомба, А. Жемаадара,
С. Вамбуранын повесттери жаралган. 1952–56-
ж-дагы Мау-Мау көтөрүлүшү П. Кареитанын
«Белгиси жок мүрзө» (1969), П. Нгаренин «Өзүң айык» (1975), К. Сьямбонун «Жамандыктын кучагында» (1976) тарыхый романдарында чагылдырылган. 1970–80-жылдарда детектив жанры
(З. Бурхани, С. Омар Саид чыгармалары) пайда болгон. Социалдык проблемалар Г. Левинин
«Ачуунун кесепети» (1981) романында чагылдырылган. К-да англис тилиндеги ад-т 20-к-дын 1-жарымынан калыптанган: Парменас Мокери, М. Коинанге, Ж. Кениата, М. Гикару ж. б. Нгуги ва Тхионго, Ч. Вачиума, А. М. Иманьяра, Л. Нгуйи ж. б. тарыхый темага кайрылышкан. Ю. Давуддин реалисттик прозасы, о. эле саясий роман (В. Мутаха, Ф. Генга-Идова) ж. б. кеңири белгилүү болгон. 1960-жылдардан англис тилиндеги поэзия өнүгө баштап, анда социалдык, саясий, филос. лирика басымдуулук кылган. 1971-жылдан Найробиде «Африкалык акындар» сериясында антологиялар ж-а ыр жыйнактары жарык көргөн. «Өрөөндөгү жаңырык» (2000) деген чыгыш-африкалык поэзиянын антологиясында И. Макоха-Накайо, Н. Алусала, О. Орвенжо ж. б. К. акындарынын чыгармалары камтылган.
К. аймагында о. кылымдарга таандык археол. эстеликтер (таштан курулган мал короо, үстүнө таш үйүлгөн мүрзөлөр, сугат каналдарынын издери ж. б.) сакталып калган. 7-к-да араб тибинде салынган Геди, Малинди, Унгвана, Мнарани, Таква, Момбаса ж. б. ири шаарлар пайда болгон. Чарчы түрдөгү мечиттер курулган. Имараттарды курууда коралл ташы ж-а кызыл чопо колдонулган. 16-к-га таандык Момбасадагы Иисус форту ж-а Малиндидеги Васко да Гаманын таш колоннасы сакталган. 20-к-да Найроби ж. б. ш-да европ. стилдеги имараттар, коттеждер, виллалар тургузулган. Арх-ралык курулуштарды европалыктар жетектеген. К-лыктар жыгачтан, чоподон (маска, статуэтка ж. б.) ар кандай буюмдарды жасап, оймо-чийме түшүрүшөт.
К. муз. мад-тынын негизин банту, нилот, кушит, суахили элдеринин салты түзөт. Ата-бабасынан бери музыкант болгондорду көз ачыктар деп жогору баалашкан. К. музыкасына араб, инди, колониялаштыруудан баштап европа
музыкасы таасир тийгизген. 19-к-дын аягынан шаарларда аскердик үйлөмө оркестр, жаз-банд, муз. ансамблдери, 20-к-дын ортосунан амер. музыка ж-а кубалык румба, бенга кеңири тараган. Белгилүү музыканттар: М. Ж. Боско, О. Кайамба, Л. Тутуту, Ж. Самбу, Д. Катуга ж. б. 1960-жылдардан К. улуттук муз. мад-тка мамлекет колдоо көрсөтөт. Мектеп программаларына музыка ж-а бий сабактары кирген. 1974-ж. Кениата ун-тинин алдында муз. мектеп ачылган. Улуттук муз. салтты «Кения жыландары» ыр ж-а бий ансамбли, «Муунгано» улуттук хору өнүктүрөт. К. улуттук музыка
изилдөөчүлөр – Х. О. Аньюмба, В. А. Омонди.
К-да муз.-бий ансамблдери арбын. 1948-жылдан Найробиде Д. Маул негиздеген англис театры иштейт. 1952-ж. Найробиде Улуттук театр, 1997-ж. «Гаара» бий тобу түзүлгөн. 1963-ж. К. өз алдынчалыкка ээ болгондо Найробиде жаңы театр коллективдери пайда болгон, а. и. «Чемчеми» труппасы эң белгилүү, негиздөөчүсү ж-а жетекчиси – Э. Мпахлеле. 1970-ж. Улуттук
театр труппасы түзүлгөн.
Ад.: Филатова И. И. История Кении в новое и новейшее время. М., 1985; Африка. Энциклопедический справочник. М., 1986; Матвеева Н. Ф. Кения.
Справочник, 3-е изд. М., 2004; Кения // Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009.
Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.