КЕРЕЧ
КЕРЕЧ (Angela) – чатыр гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Эки же көп жылдык өсүмдүк. Сабагы бийик, жоон, көңдөй. Түксүз, жалбырактары ири, 2–3 ирет тилкелүү, жалпы формасы тегерек же бөйрөктөй, негизинен тамыр моюнчасына топтолгон. Гүлү ак же саргыч, мөмөсү бир уруктуу, жалпак, сүйрү, канаттай, кырдуу кутуча. 50дөн (80) ашуун түрү Түн. жарым шарда ж-а Жаңы Зеландияда кездешет. Кырг-нда 5 түрү орто бийик ж-а өтө бийик тоодогу аска жаракасында, тоонун шагылдуу, жылгаяк бетинде, өзөндүн кумдак жээгинде, мөңгүгө жакын криофиттик өсүмдүктөр арасында өсөт.
К-тин бир түрү (көп сабактуу К.) – Кырг-ндын
эндемик (жергиликтүү) өсүмдүгү. Ал Сары-Жаз м-н Барскон тоолорунда гана кездешет. Илгертеден эле эл арасында айрым түрү (үчүлүктүү К.) ичеги-карын ооруларына дары катары колдонулган.