КЕРЕҢКУР
КЕРЕҢКУР (Tetrao) – каракурлар тукумундагы ири куштар уруусу. Уз. 56–85 см, салм. 4– 5,5 кг, кээде 6,5 кгга жетет. Эркеги сайрап жаткан учурда бир аз убакыт кулагы укпай калат (аты ошондон). Полигамдар. Евразия токойлорун мекендейт. Эки түрү белгилүү: кереңкур ж-а корум керең куру. КМШ өлкөлөрүндө Кар-

пат, Байкал, Камчатка, Сахалинде кездешет.
Өсүмдүк бүчүрлөрү, жалбырактары м-н азыктанат. Токойлор көп кыйылып, мергенчилик күчөгөндүктөн, саны азайып кеткен. Дарвин ж-а Березин коруктарында багылат. Бир түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.