КЕРБАБАЕВ
КЕРБАБАЕВ Берди Мурадович [3(15). 3. 1894, Түркмөн ССРи, Тежен р-ну, Коуки-Зерен айылы – 23. 7. 1974, Ашхабад] –

түркмөн жазуучусу, Түркмөн ССР ИАнын академиги (1951),
Түркмөнстан эл жазуучусу (1967), СССР мамл. сыйл. лауреаты (1948, 1951). Соц. Эмг. Баатыры (1969). Ленинград ун-тинин Чыгыш таануу ф-тин бүткөн (1928).
Чыг-лыгы 20-к-дын 20- жылдары башталган. Алгачкы чыгармалары – «Кыз
дүйнөсү» (1927), «Адат курманы» (1928) поэмалары.
«Чечүүчү кадам» аттуу рев-ялык-тарыхый романы (СССР мамл. сыйл., 1948), «Курбан Дурды» (1942) повести, «Айлар» поэмасы, «Бир туугандар» ж-а «Махтумкули» (1943) пьесалары ж. б. чыгармалары бар. «Ак алтын өлкөсүнүн Айсолтаны» повестинин, нефтичилер турмушун сүрөттөгөн «Небит-Даг» (1957) ж-а түркмөн элинин көрүнүктүү революционери ж-а коомдук ишмери К. Атабаев ж-дөгү «Кереметтүү төрөлгөн» (1965) романдарынын автору. А. С. Пушкин, Л. Н. Толстой, М. Горький ж. б. жазуучулардын чыгармаларын түркмөн тилине которгон. 3 Ленин ордени м-н сыйланган.