КЕРАТОФИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРАТОФИ́Р (гр. ktras – мүйүз ж-а порфир) – магма тоо теги. Сиенит-трахит тобуна кирет. Сиениттин эффузивдүү палеотиби. Порфирлүү түзүлүштөн турат. Порфирлүү бөлүкчөлөрүнө альбит, биотит, кээде диопсид кирет. Негизи­нен альбиттин өтө майда микролиттери кезде­шет. Курамына жараша кварцтуу, ортоклаздуу, кварцсыз К. болуп бөлүнөт. Кырг-нда спилит­диабаз формациясын түзүп, Түн. Теңир-Тоодо (протерозой заманынын акыры м-н кембрийдин башталышы), Түш. Теңир-Тоодо (силур м-н де­вондун башында) жолугат. К. жанартоо чөкмө­лөрүндө кеңири тараган.