КЕҢКОЛ АНДАЛУЗИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢКОЛ АНДАЛУЗИ́Т КЕНИ Талас р-нунда, Талас ш-нан 25 км түн.-чыгышта, Кеңкол суу­сунун башатында, деңиз деңг. 3000 м бийикте. 1936-ж. табылган. Эни 2–3 км, уз. 11–12 км бол­гон андалузит минералынан турган метаморфизм тектери, кеңкол аляскит интрузиясынын экзо­контагына тушташ жатат. Мында 3 кенташ тулкусу бөлүнгөн. Биринчисинин уз. 2 км, ка­лыңдыгы 300 м; андалузиттин өлчөмү 25,5%ке


чейин жетет. Калган эки кенташтын тулкусу анчалык чоң эмес. Кендин жарамдуулугу изил­денип баалангандан кийин белгилүү болот. ¹ 1 кенташ тулкусунун болжолдуу ресурсу 75–80 млн т.