КЕҢЕШ (Өзгөн районундагы кыштак)
КЕҢЕШ – Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак. Баш-Дөбө айыл округуна караштуу. Жазы суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 950 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шнан 6 км түн. тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 60 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1148 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп бар.