КЕҢЕШ (Кара-Кулжа районундагы кыштак)
КЕҢЕШ – Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нундагы кыштак. Кеңеш айыл округуна караштуу. Кара- Дарыянын боюнда, деңиз деңг. 1820 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыш-нан 16 км батыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 106 км. Калкы 2411 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.