КЕҢ-БУЛУҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-БУЛУҢ , К ы з ы л - Т у у – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Кең-Булуң айыл округуна караштуу. Бишкек–Балыкчы автомо­биль жолунун боюнда, деңиз деңг. 765 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Кант ш-нан 45 км чыгыш тарапта. Ивановка т. ж.


бекетинен 10 км. Кыштак 1921-ж. негизделген. Калкы 3308 (2007); негизинен дыйкан ж-а фер­мер чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, мад-т үйү, ФАП бар. Соода ж-а тамак­тануучу жайлар, турмуш-тиричилик кызматы­нын бөлүмдөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик со­гушта курман болгондорго эстелик тургузулган.