КЕН ЧАЧЫНДЫСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН ЧАЧЫНДЫСЫ , к о р у м к е н и – арасында кымбат баалуу минералдар кездешкен борпоң тектер. Нукура тектер м-н кенташтар­дын физ.-хим. жол м-н талкаланышынан пай­да болот. Эгерде кен алгачкы талкаланган жер­де топтолсо, элювий, суу агызып бир жерге чо­гулса – аллювий, деңиз жээгине жыйылса – ла­териттик болуп бөлүнөт. Пайда болуу мезгили­не жараша азыркы учурдагы (антропоген мез­гилиндеги), байыркы убактагы (неоген мезги­лине чейинки) түрлөрдөн турат. Орун алып жай­гашуусу б-ча ачык (жер үстүндө), көмүскө же жабык (борпоң тектер көөмп калган) түрдө кез­дешет. Алтын, платина, алмаз, циркон, титан, касситерит, шеелит сыяктуу оор салмактагы, физ.-хим. процесстерге туруктуу, оңой талка­ланбаган минералдар жолугат. Кээ бир кымбат баалуу кендерди өндүрүп алууда зор мааниге ээ. Алмаз, вольфрам, калай кендеринин дүйнөлүк запасынын теңи – чачыранды кендер.