КЕН ҮҢҮЛМӨСҮ
КЕН ҮҢҮЛМӨСҮ (забой) – шахтада, рудникте кен казуу, оюп кирүү, алга жылуу иштери. Жер астында пайда болуучу казылманын түбү. Андан ары кен казылып кете берет. Ачык казмаларда казманын капталдары м-н бет маңдайы үңүлмө болуп саналат. Бургулоо иштеринде колонканын тоо тектерди майдалап, талкалап жаткан түбү үңүлмө болот. Андан ары үңүлмө тереңдей берет.