КЕНТАШ ЭМЕС КЕНДЕР
КЕНТАШ ЭМЕС КЕНДЕР – курулуш ишинде, ө. ж-дын кээ бир тармактарында кеңири пайдаланылуучу кендер. Табигый түрдө же мех., термиялык, хим. жол м-н кайрадан иштелип чыккан материалдар (минералдар, тоо тектери). Буга хим. сырьёлор (жер семирткичтер, туздар, күкүрт ж. б.), металлургиялык сырьёлор (чопо, доломит, магнезит, б. а. отко чыдамдуу минералдар, акташ, флюорит, кварцит), курулуш материалдары (курулушта кеңири колдонулуучу тоо тектер: гранит, мрамор, туф, кумдук ж. б.), карапа, айнек, калып жасоочу материалдар, минералдык боёктор, бириктирип камдаштыруучу заттар, жылуулук м-н үндү өткөрбөөчү тектер, асыл таштар ж. б. кирет.