КЕНТ
КЕНТ , к е н д – 1) эл отурукташкан жер, чоң кыштак, шаар; 2) сепил, коргон. Согд жазууларында ж-а араб геогр. эмгектеринде «кат» түрүндө жазылып, «үй» маанисин берген. «Кент» («кат») байыркы термин катары бүтүн О. Азияда, о. эле Чыгыш Түркстанда, Иран ж-а Афганстанда энчилүү ат катары кеңири таралган. «Кат» түшүнүгү хинд-европа, финн-угор, монгол тилдеринде да пайдаланылат (мис., украинче «хата» түшүнүгү да «кат» сөзүнөн алынган). «Кент» энчилүү аттарда да «кан», «кенд», «кат» түрүндө кездешет. Кырг-нда Ноокат, Торкент, Ноокен, Өзгөн (Узкендт), Бешкент ж. б., О. Азияда Чымкент, Ташкент, Самарканд ж. б. белгилүү.