КЕНЖИСАРИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНЖИСАРИЕВ Марат Сарымсакович (25. 4. 1965-ж. т., Чүй обл., Токмок) – генерал-майор (2010). Минск жогорку аскердик-саясий окуу жайын (1987), КМУну (1996), РФ Аскер акаде­миясынын жогорку акад. курсун (2008) бүткөн. 1987–88-ж. Волга бою аскер округундагы мото­аткычтар дивизиясында рота командиринин орун басары, 1988–90-ж. Аскерлердин түн. то­бунун аткычтар батальонунда рота командири-

нин орун басары, 1990–

92-ж. Түркстан аскер ок­ругунун кенже адистерди даярдоочу окуу борборунун гвардиялык аткычтар пол­кунда рота командиринин орун басары, жардамчысы (1991-жылдан), 1992–94-ж. КР коргоо иштери б-ча мамл . к -ти нде б өлүмдүн офицери, улук офицер, 1994–97-ж. КР коргоо министрлигинде улук офицер, начальниктин орун басары-бөлүмдүн начальниги, 1997–2000-ж. Иш башкармалыгы­нын начальниги, 2000–01-ж. борб. аппаратын­да секретариаттын начальниги – коргоо минист­ринин жардамчысы, 2001–07-ж. аскер-тех. кыз­матташтык башкармалыгынын начальниги, 2007–09-ж. эл аралык аскер кызматташтык башкармалыгынын начальниги, 2009–10-ж. КР коргоо министринин 1-орун басары болуп иш­теген.