КЕМСЕЛ – аялдардын ж-а эркектердин жука сырт кийими.

Ал таардан, кездемеден, баркыттан жасалат. Тизеге жетип тургандай бычылып,
жеңи узун же чолок келет. Ичи жука кездеме м-н астарланат. Учурда жалаңкат же ичтелген, өңүрү, этек-жеңдери саймаланып кооздолгон К-дин түрлөрү кеңири тараган.