КЕМИРҮҮЧҮЛӨР
КЕМИРҮҮЧҮЛӨР (Rodentia) – сүт эмүүчү жаныбарлар түркүмү. Дене уз. 5–130 смге, салмагы 5 кгдан 60 кгга жетет. Алдыңкы буттары 5 же 4 манжалуу, арткысы 3–4–5 манжалуу.
Ортоңку 2 жуп кашка тиши курч, чоң, дайыма
өсүп турат. Катуу өсүмдүктү майдалайт. Кыл-

кыйма тиштери жок. К. бардык табигый аймактарда таралган. КМШ өлкөлөрүнүн фаунасындагы сүт эмүүчүлөрдүн жарымынан көбүн түзүп, ар түрдүү ж-а көп санда мелүүн ж-а субтропик алкактардын, айрыкча кургакчыл аймактардын ачык жерлеринде таралган. Аяктарынын түзүлүшү ийин казууга, сүзүүгө, кош буттап жүрүүгө (кош аяктар), жармашууга ж-а учууга (учкуч тыйын чычкан) ыңгайланган, К. – тукумчул жаныбарлар. Тиричилигин жер үстүндө (жарганаттар, келестер ж. б.), жер астында (буроо баш, сокур момолойлор ж. б.), сууда (куну, ондатра ж. б.), даракта (тыйын чычкан, барак куйрук чычкан ж. б.) ж-а жерде өткөрөт. Алардын ийин казуусу кыртыш пайда кылууга чоң таасир тийгизип, өсүмдүктүн түшүмүн жогорулатат. Азыркы жашаган К. 3 түркүмчөгө: тыйын чычкан сымалдар (куну, келестер ж. б.), чүткөр сымалдар (дарак чүткөрү, доңуз чычкан, суу доңузчасы ж. б.) ж-а чычкан сымалдар (барак куйрук чычкан, кош аяк, аламандар ж. б.) бөлүнөт. Көп түрү талаа ж-а токойлуу талаада жашайт. Көпчүлүгү өсүмдүк, курт-кумурска, айрымдары балык м-н, кээ бири ылгабай азыктанат. Жер жүзүндө 2000дей түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 14–15 тукуму, 150гө жакын түрү, Кырг-нда 31 түрү кездешет. Көпчүлүк К. адам үчүн коркунучтуу оорулардын козгогучун алып жүрүшөт. Кээ биринин териси өтө баалуу (куну, тыйын чычкан, ондатра ж. б.).