КЕМИН ВИСМУТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМИН ВИ́СМУТ КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Кемин шаарчасынан 17 км түн.-чыгыш­та, Таза-Кемин тоосунун батышында, деңиз деңг. 1390–1690 м бийикте. 1965-ж. табылган, 1967– 75-ж. изилденип, бааланган. Кен аймагы жо­горку ордовиктеги штоктор м-н дайкалар жи­реген алгачкы протерозойдун гнейс-граниттери­нен түзүлгөн. Висмут минералдашуусу гнейс-гра­ниттин гидротермден өзгөргөн (агартылган) зо­насы м-н байланышып, үч зонага бөлүнөт. Зо­налардын уз. 400–850 м, туурасы 30–150 м. Бул зоналар бургулоо көзөнөгү м-н 290 м тереңдик­ке чейин изилденген. Зоналардын ичинде лин­за сымал кенташ тулкулары бар. Тулкулардын уз. 15–53 м, калыңдыгы 1–10 м, жантаюсу б-ча уз. 24–35 м. Негизги минералдары: кварц, вис­мутин, бисмит, пирит, галенит, халькопирит. Висмуттун өлчөмү 0,03–0,147%. Висмуттан баш­ка алтын – 5,0 г/т, коргошун – 3,24%, күмүш – 300 г/т, жез – 1,13%, цинк – 0,1% кездешет.
Кенташтын запасы: С1 категориясы б-ча 52,3 – 2417,3 миң т, болжолдуу ресурсу – 3533,8 миң т. Висмуттун запасы: С – 77 т, С – 1402 т, болжолдуу ресурсу 1837,2 т.