КЕЛЬТЕМИНАР МАДАНИЯТЫ
КЕЛЬТЕМИНАР МАДАНИЯТЫ – Аму-Дарыянын сол жээгинде, Зеравшан ж-а Сыр-Дарыянын төмөнкү бөлүгүндө, Аму-Дарыя ж-а Сыр- Дарыянын ортосундагы неолит дооруна (б. з. ч.
6–3-миң жылдык) таандык археол. мад-т.
1946-ж. археолог С. П. Толстов изилдеген. Каракалпакстандагы Кельтеминар каналынын атынан аталган. Казуу учурунда балыкчылар м-н аңчылардын журту, оттук таш өндүрүүчү шахтанын орду, таш (а. и. бирюза) иштетүүчү устаканалар, таш ж-а сөөк куралдар, чопо идиштер (түбү тоголок, ичке же жалпак, сырты оймочиймеленип, ички бети кызыл же сары боёктор
м-н сырдалган) табылган. К. м. үч этапка бөлүнөт. Д а р ы я - С а й этабы (эрте неолит;
6–5-миң жылдыктын ортосу) Төмөнкү Зеравшандагы Лявлякан көлүнүн аймагындагы эстеликтерди (ири ж-а майда пластиналар, геом. мик-

ролиттер – үч бурчтуктар ж-а трапециялар же
«мүйүздүү трапециялар», кыргычтар ж. б.) камтыйт. Ж а н б а с с этабынан (өнүккөн неолит;
5-миң жылдыктын ортосунан – 4-миң жылдыктын ортосуна чейин) локалдык топтор же өзүнчө мад-ттар (акча-дарыялык топ, төмөнкү узбой мад-ты ж. б.) бөлүнүп чыккан. Бул этапка Акча- Дарыя р-нунан табылган чарчы ж-а сегиз бурчтуу жертөлөлөр, кыргычтар, жаа учтары (кельтеминар тибиндеги) ж. б. таандык. Соңку н е ол и т этабында (4-миң жылдыктын аягы – 3-
миң жылдык) Аму-Дарыянын Сары-Камыш дельтасынын аймактарында Тумеккичижик көрүстөнүнөн (өнүккөн энеолит доору) башы түн.-чыгышты каратылып, чалкасынан жаткырылган 27 маркумдун сөөгү, жанынан сөөк шурулар, камандын тишинен жасалган илмектер, оттук таштан жасалган буюмдар табылган.
Четтери тегеректелип тосулган. Көмүлгөндөрдүн
бир бөлүгү инди-жер ортолук деңиз расасынын жер ортолук деңиздик түш.-чыгыш тибине таандык, башкалары европеоиддин түн. тибине жакыныраак. Негизги чарбасы – балык уулоочулук, аңчылык, жыйноочулук, кийинчерээк мал
чарбачылык, дыйканчылык пайда болгон. К. м. жерг. мезолит мад-тынын негизинде түзүлгөн. К. м-нын салттары коло доорунун заманбабин мад-тында сакталган; анын өкүлдөрү Зеравшандын төмөн жагындагы малчылар ж-а дыйкандар (б. з. ч. 3-миң жылдыктын 3-чейреги).