КЕЛИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛИН , к е л и н а л у у – 1) уулунун же инисинин аялы; жалпы эле өзүнөн кичүү туу­гандарынын (инилеринин) аялы, келинчеги; 2) турмушка жаңы чыккан келинчек. К. алуу атайын каада, жөрөлгөлөр м-н коштолот. К. кел­генде үйдөгүлөр сыртка чыгып, ун, дан, боор­сок, таттуулардан чачыла чачышып, К-дин оозу­на май салышкан. Үйгө К-ди абышкасы кай­тыш болбогон, очор-бачар, нускалуу байбиче баштап кирет. К. босогону аттаганда үйгө жүгү­нүп кирет, отко май тамызылат. Бул К-дин бас­кан жолу жакшы болсун деген тилек, каалоо. Андан кийин кайын энеси (же башка аял) К-ге ак жоолук салат. Күйөөсү жок аял К-ге жоолук салбайт.