КЕЛЕМИШТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛЕМИШТЕР , к е л е с т е р (Rattus) – ке­мирүүчүлөрдүн чычкандар тукумундагы уруусу. Дене уз. 8–30 см, куйругу денесинен узун же кыска. Тумшугу учтуу, кулагы калдагай, 70тей түрү белгилүү. Алардын 280дей түрү Азия ж-а Африканын тропик токойлорунда, о. эле адам м-н кошо бардык жерге таралган. КМШ өлкөлө­рүндө 3 түрү: боз келемиш, кара келемиш ж-а түрк келемиши кездешет. Түрк келемиши Борб. Азияда, Кырг-ндын тоолуу токойлорунда жо­лугат. 3–4 айлыгында жетилип, ургаачысы жылына 2–4 жолу тукумдап, 1–17 бала тууйт.
К. өсүмдүк м-н, кээси эт жечүлөр, көбү ылга­бай азыктанат, күүгүмдө, түнкүсүн активдүү. Ий­инге, коңулга 20 кгга жакын азык ташып, кыш­ка камдайт, айдоого зыян келтирет. К. – жу­гу шт у у оорул ардын к озгогучт арын ал ып жүрүүчүлөр.