КЕЛАНГ
КЕЛА́НГ – Малайзиядагы шаар. Селангор штатында (султанат). Малакка ж. а-нын жээгинде, Инди океанындагы Малакка кысыгына Келанг д. куя бериште жайгашкан. Өлкөнүн борбору Куала-Лумпурдан 30 км түш.-батышта. Калкы 1,1 млн (2008). Борб. шаар агломерациясынын курамына кирет. Куала-Лумпурдун деңиздеги аванпорту, өлкөнүн эң ири деңиз порту (2005-ж. 110 млн т жүк ташылган ). Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Шаар 1643-ж. негизделген. 1874–80-ж. Малаккадагы Британия адмнын борбору. Музей (1984), Королдук сүрөт галереясы (1999), «Крис» монументи (1985), Ража- Махади фортунун калдыктары, Селангор султанынын резиденциясы (ак сарайы) бар. Хим., жеңил, кара металлургия, машина куруу ж-а металл иштетүү ө. ж. ишканалары иштейт.