КЕГЕТИ ШАРКЫРАТМАСЫ
КЕГЕТИ ШАРКЫРАТМАСЫ Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталында. Чүй р-нунун аймагында. Кегети суусунун сол куймасынын капчыгайы негизги өрөөнгө кошулган жердеги акиташтуу тик кашат аркылуу түшөт. Бийикт. 18–20 м. Өрөөн аркылуу өткөн кара жолго жакын болгондуктан, туристтердин эс алуусуна ыңгайлуу.