КВАЛИФИКАЦИЯ (адистикке даярдоо)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАЛИФИКА́ЦИЯ (лат. qualis – сапаты кан­дай ж-а ...фикация) – билимдердин жалпылы­гы ж-а кызматкерлерди эмгектин конкреттүү түрүн аткарууга адистикке даярдоо. Анын эле­менттери төмөнкүлөр: 1) кызматкердин теор. би­лими; 2) ишке каныгуу ж-а топтолгон таж­рыйба; 3) адистик чеберчилик. Иш ж-а иш тап­шырмалары көп учурда К. деңгээлине ылайык аларды аткарууну талап кылган квалификация­ланган– жарым квалификацияланган ж-а ква­лификацияланбаган болуп бөлүнөт. Адистик да­ярдыкка инвестициялар К-нын өсүшүндө чечүүчү роль ойнойт. Ишкананын кызматкерлеринин К-сынын жалпы деңгээли эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги фактору болуп саналат. К. адам капиталы катары экономикалык өнүгүү­нүн жогорку темпин камсыз кылууга өбөлгө болот.