КВАДРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАДРА́Т (лат. quadrаtus – төрт бурчтук, чар­чы) – 1) тең жактуу тик бурчтук. К-ты бурч­тары тик ромб же бардык бурчтары ж-а жакта-

ры барабар параллелограмм деп да аныктоого болот. Мындан, К. параллелограммдын, төрт бурчтуктун ж-а ромбдун бардык касиеттерине ээ экендиги келип чыгат. К-тын диагоналдары өз ара перпендикуляр ж-а барабар болуп, кеси­лиш чекитинде тең экиге бөлүнөт. К. төрт сим­метрия огуна ж-а бир симметрия борборуна ээ. b К-ка сырттан ж-а ичтен айлана сызууга болот.

К. анын жагы же диагоналы аркылуу түзүлөт.
Пифагор мектебинде К. анын диагоналдары ар-

1 2 1 2 кылуу өлчөнбөй тургандыгы табылган, б. а. эгер а=1 болсо, анда d= 2 болот, мында а – жагы, d – диагоналы. Каалаган К-та: 1) LA=LB=LС= =LD=90°=n/2; 2) d ‒l‒ d ; 3) d=a 2; 4) S=a2=d2/2; 5) r=a/2; 6) R=d/2; 7) S=4r2, мында S – аянт, r – ичтен сызылган ж-а R – сырттан сызылган айлананын радиусу; 2) ­эки бирдей көбөйүүчү­лөрдүн көбөйтүндүсү же сандын, туюнтманын экинчи даражасы да К. болуп эсептелет. 2 1 2