КАШКА-СУУ ( Чоң Алай районунда­гы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-СУУ – Ош обл-нун Чоң Алай р-нунда­гы кыштак. Кашка-Суу айыл округунун борбо­ру. Деңиз деңг. 2680 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Дароот-Коргон кыш-нан 44 км түн.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 240 км. Калкы 3019 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бак­ча, клуб, мечит бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, АТС, оорукана, соода түйүндөрү иштейт.