КАПЧЫГАЙ ПАЛЕОЛИТ «ӨНӨРКАНАСЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПЧЫГАЙ ПАЛЕОЛИТ «ӨНӨРКАНАСЫ» – төмөнкү палеолит дооруна таандык таш курал­дар эстелиги. Кадамжай районундагы Марказ айы­лынан 20 км түштүк тарапта жайгашкан. Арпа­лык тоосунун капчыгайында таш курал жасоо­чу оттук таш тегинин катмары табылган. Мустье доорунда ушул жерден таш куралдарын жа­сашкан. 1956-жылы археолог П. Т. Конопля ачып, 1957–1959-жылдары П. Т. Конопля, В. А. Ранов, кийин А. П. Окладников изилдеген. 2001-жылдан ар­хеологдор А. П. Деревянко, А. Н. Зенин жетек­теген россиялык-кыргызстандык палеолиттик топ изилдеп жатат.