КАПЧЫГАЙ (тик, кууш, терең өрөөн)
КАПЧЫГАЙ – тоолордогу капталдары тик, кууш, терең өрөөн. Негизинен тереңдиги туурасынан ашык болот. Чулу катуу тоо тектерде ж-а лёсстордо пайда болот. Көбүнчө тоолордо кездешет, V сымал формага ээ. Тереңдиги бир нече ондогон же жүздөгөн мден 1 кмге чейин ж-а андан да ашык болот. Эрозиялык К. м-н кошо тектон. (жер кыртышынын жаракаларынан пайда болот) ж-а карсттык К. да кездешет. Кырг-ндагы ири К.: Боом, Көкөмерен, Төмөнкү Нарын, Кара-Балта ж. б. Айрым К-ларга ири

ГЭСтер курулган; мис., Төмөнкү Нарын ж. б. Өтө кууш ж-а тереңдери шаңшаар деп аталат. Рельефтин мындай формаларына байланыштуу пайда болгон топонимдер Кырг-ндын аймагында арбын кездешет. Мис., Баткен ж-а Ноокат р-ндорундагы кыштак, Кемин р-нундагы корукча, Түш. Теңир-Тоодогу өрөөн ж. б.