КАПРОЛАКТАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПРОЛАКТА́М – i:-аминкапрон к-тасынын лактамы. Ак түстөгү кристалл; б. эрүү t 68–70°С, кайноо t 262°С; сууда ж-а орг. эриткичтерде (спирт, эфир, бензол, хлороформ) жакшы эрийт. O CH –CH –C 2 2

CH2–CH2–CH2 К. циклдүү амид e-аминкапрон к-тасын эрүү темп-расынан (210–220°С) жогору ысытуудан алынышы мүмкүн. К-та ж-а щелочтун суудагы

эритмесинде e-капрон к-тасына чейин гидролиз­денет. К. аз өлчөмдөгү суунун, спирттин, амин­дердин, орг. к-талардын ж. б. бирикмелердин катышуусу м-н жогорку темп-рада (250–260°С) полимерлешип, «капрон» буласы алынуучу по­лиамид чайырын пайда кылат. К-ды фенолдон синтездөө ыкмасы кененирээк таралган. К. не­гизинен полиамид пластмассаларын, плёнкала­рын, булаларын ж-а лизинди алууда колдо­нулат.