КАПИТУЛЯЦИЯ
КАПИТУЛЯ́ЦИЯ – 1) жеңген тараптын койгон шартына ылайык командачылардын өз ара сүйлөшүүлөрү б-ча жеңилген тараптын бардык аскерлеринин согуш майданынын бүт жеринде каршылык көрсөтүшүн токтотуп, багынып бериши; К. убагында эреже катары, бүт согуштук курал м-н аскердик мүлк олжолонуп, өздүк курам туткун катары жеңген тарапка өткөрүп берилет; 2) эл аралык укукта согушуп жаткан мамлекеттин куралдуу күрөшүнүн топтолушу ж-а куралдуу күчтөрүнүн душманга өткөрүлүп берилиши. К. жарыялаган мамлекетке саясий, экон., согуштук милдеттер жүктөлөт. Жеңген мамлекет жеңилгендин жогорку бийлигин убактылуу колго алып, баскынчылык тартип орнотот.