КАПЕЛЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:32, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПЕ́ЛЛА (италянча cappella) – 1) католик же анг­ликан чакан чиркөөсү: өзүнчө салынган кичи­рээк курулма же храмда бир үй-бүлө чокунуучу, реликвиялар жана башкалар сакталуучу жай; 2) диний хор (хор ырдалуучу чакан чиркөө же чиркөө бөлмөсүнүн атынан); аспапта ойноочулар кол­лективи. XVIII кылымдан ырчылар жана аспапта ой­ноочулардан түзүлгөн аралашма ансамбль. Ай­рым капелланы композиторлор И. C. Бах– Й. Гайдн – М. Глинка –Н. Римский-Корсаков жана башкалар башкарган. Кыргызстаннда хор капелласын C. Юсупов– К. Алиев – Г. Маматова жана башкалар жетектеди.