КАП ТООЛОРУ
КАП ТООЛОРУ – Африканын түш. четинде, ТАРдын аймагында жайгашкан орто бийиктеги тоолор. Порт-Элизабет ш-нан (чыгышы) Олифантс д-нын чатына (батышы) чейин 800 кмге созулат. Жарыш жаткан бир нече кырка тоолордон (Свартберг, Лангеберг ж. б.) турат; орт. бийикт. 1500 м, эң бийик жери 2326 м. Тектон. жактан герцин бүктөлүүсүнө кирет. Палеозойдун кумдук, алевролит ж-а кварцит тоо тектеринен түзүлгөн. Субтропиктик климаттык алкакта жайгашкан; батышында жер ортолук деңиздик климат өкүм сүрөт; тоо аралык ойдуңдарда ж-а түндүктөгү тоолордун ылымта капталдарында 250 ммден, тоолордун айдарым түш.-батыш капталдарына 1000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Кышында кыр бөлүгүнө кар түшөт. Батышына күрөң топурактуу дайыма жашыл бадалдар (финбош) ж-а сейрек токой, чыгышына аралаш токой (виддрингтония), ылымта беттерге ж-а ички өрөөндөргө бозомуккүрөң топурактуу жарым чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Флорасынын 70%и эндемиктер. К. т-нун чегинде 100гө жакын табигый аймак коргоого алынган, алар – коруктар, улуттук парктар ж. б. Алардын 8и Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.