КАНЦОНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЦО́НА (италянча canzone – сөзмө-сөз ыр) – 1) XIII–XVII кылымдардагы батыш европалык поэзиядагы рыцарлар сүйүүсү жөнүндөгү лирикалык ыр. Класси­калык үлгүлөрүн Данте, Петрарка, Бокаччо жазган; 2) Кайра жаралуу доорунда поэтикалык канцонанын текстине жазылган көп үндүү ыр; 3) ас­паптык музыкалык пьеса, XVI–XVII кылымдарда вокалдык канцонадан иштелип чыккан түрү; анын өркүндөтүлүшү­нөн кончерто гроссо, фуга жана соната келип чыккан.