КАНТХО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНТХО́ – Вьетнамдын түш.-батышындагы бор­борго баш ийген шаар. Хошимин ш-нан 170 км түш.-батышта, Меконг – Бассак (Хау) д-нын башкы салаасынын биринде жайгашкан баш­кы шаар. Калкы 268,7 миң (2008; агломерация­сында 1,2 млн). Жолдор тоому. Деңиз порту.
Аэропорту бар. 1739-ж. негизделген. 1991– 2004-ж. Кантхо провинциясынын адм. борбору болгон. Будда пагодалары, калкыма базарлар, ун-т (Күрүч ИИИ м-н) бар. Күрүчтү экспорттоо б-ча дүйнөдөгү эң ири борбор. «Чанок» ж-а «Хун­гфу» индустрия парктары, жашылча-жемиш консерва, кант өндүрүшү, пиво кайнатуу з-ддо­ру, текстиль, кеме куруу ө. ж. ишканалары, ЖЭС иштейт.