КАНОН (көркөм өнөрдө)
КАНО́Н (грекче kanоn – норма, эреже– чен-өлчөм) – көркөм сүрөт өнөрүндө – көркөм чыгарманын колорит жана композиция нормаларын – анын пропорциялар системасын же иконографияны белгилөөчү так калыптанган эрежелердин жыйындысы. Ал ошондой эле нормативдик үлгү болуп кызмат кылган чыгарма деп да аталат. Канондун теориялык негизин байыркы грек айкелчиси Поликлет «Канон» аттуу чыгармасында (биздин заманга чейинки V кылым) иштеп чыккан. Алгачкы Канон адам денесинин пропорцияларынын төп келишкен үлгүсүн түшүндүргөн. Динге байланышкан канон системасы Чыгыштын – Африканын – Американын байыркы маданиятында – Европанын жана Азиянын орто кылым искусствосунда кеңири тараган. Канон көркөм чыгарманын сан-түзүмдүк модели болуп эсептелет; музыкада – обон (бир же бир нече) өзү менен өзү контрапункт түзүүчү полифониялык форма. Техникалык жактан көбүнчө тууроого негизделет. Канон добуштарынын саны чектелбегендигине карабастан 2–4 үндүү болот.