КАНКУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНКУ́Н – Мексикадагы шаар. Кинтана-Роо штатында. Юкотан жарым аралынын түндүк-чыгышында жайгашкан. Калкы 654,4 миң (2008). Эл ара­лык аэропорту бар. Мухерес аралы м-н деңиз аркы­луу байланышат. Мексикадагы эң ири деңиз­дик климаттык курорт. Канкунга эл 16-кылымда эле оту­рукташа баштаган. 1970-жылдан шаар. Университеттер (технологиялык, Кариб) бар. Шаардын экономикасы­нын негизин туризм түзүп, меймандарды кабыл алуу ж-а аларды тамак-аш м-н камсыздоого тыгыз байланышта. Көптөгөн бульварлар, 140ка жакын отелдер (түрдүү класстагы), 380ге жакын ресторан, көп сандаган соода борборлору ж-а клубдар иштейт. Лагуна м-н шуру рифтери туристтерди өтө кызыктырат. Экологиялык парктар уюш­турулган.