КАНИМЕТОВ Жангороз

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНИМЕТОВ Жангороз (30. 3. 1950-ж. т., Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Токтоян айылы) – педагог, мамл. ишмер, педагогика илимд. док­тору (2010). КРдин II класстагы мамл. кеңеш­чиси (2000). Кыргыз ССРинин Билим берүүсүнүн отличниги (1979). СССР Билим берүүсүнүн от­личниги (1987), КРдин эмг. сиң. мугалими (1995). КР Жогорку Кеңешинин үч жолку депу­таты (1995–2000–05; 2007–10). КРдин «Мугалим­дин статусу жөнүндө» мыйзамынын (2000), «Би­лим берүү жөнүндө» мыйзамынын (2003), «Жал­пы орто билим берүү жөнүндө» мыйзамынын (2009) автору. Москвадагы Эл аралык педагоги­калык билим берүү академиясынын академиги (МАНПО, 2009). Каракол (мурдагы Пржевальск) мамл. пед. ин-тун (1971), Ж. Баласагын атн. Кыргыз улуттук ун-тин (1999) бүтүргөн. Түп р-нундагы Сан-Таш айылынын Каркыра орто мектебинин (1971–79), Арал орто мектебинин (1979–84), Кайкин атн. орто мектебинин дирек­тору (1984–87), Ак-Суу райОНОсунда Элге би­лим берүү башкармалыгынын башчысы (1987– 88), Кыргыз ССРинин Элге билим берүү мини­стрлигинде бөлүм башчы (1988–91), Ысык-Көл обл. билим берүү башкармалыгынын башчысы (1991–97), Кыргызстандын Билим берүү кызмат­керлеринин конгрессинин президенти (2004-жыл­дан), КР Билим берүү ж-а илим министринин орун басары (2007), «Ысык-Көл» коомдук фон­дунун төрагасы (2001–10), КР Жогорку Кеңеши­нин парламенттик кыргыз-түрк кызматташтык тобунун жетекчиси (2007–10) болгон. Кыргыз- Түрк «Манас» ун-тинин проф. (2010-жылдан), КРдин «Даңк» медалы м-н сыйланган (1999).


Эмг.: О молодёжи и молодёжной политике КР. Б., 1999; Основные направления демократизации образо­вания в КР. Б., 2004; Государственно-общественное управление образования в КР. Б., 2005.