КАНДЕЛА
КАНДЕ́ЛА (лат. сandela – шам) – жарык күчүнүн эл аралык бирдиктер системасындагы бирдиги. Белгилениши кд. К. – темп-расы платинанын катуулануу темп-расына (2042 К) барабар, басымы 101325 Па ж-а туурасынан кесилиш аянты 1/600000 м2 болгон толук нурланткычтын бул кесилишке тик багыт б-ча нурланткан жарык күчү.