КАНАЛИЗАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНАЛИЗА́ЦИЯ – ыпылас (заң-заара аралаш­кан) сууларды чогултуп, аны тазалоочу жай­ларга берүүчү инж. курулмалардын, жабдуулар-


дын ж-а санит. иш-чаралардын комплекси; иш­телип чыккан ж-а булганган катуу же суюк кал­дыктарды ж-а жаан сууларын чогултуп, калк жашаган пункттардан ж-а ө. ж. ишканалары­нан сыртка агызып чыгаруучу жер астындагы суу жүрүүчү түтүктөр системасы К. тармагы деп аталат. Жер асты м-н кир сууну алып чыгып, кайра иштетүүдө же атайын казылган көлмө­лөргө куюуда санит. талап сакталышы керек. Шаарларда курулат ж-а шаар чарбасындагы негизги элемент болуп эсептелет. К-нын эле­менттери – санит. приборлор, агызуучу түтүктөр.
Максатына ж-а жайгашышына жараша негиз­ги 2 түргө бөлүнөт: и ч к и К. – имараттын ж-а ө. ж. ишканаларынын булганч ж-а жаан­чачын сууларын сырткы К. түйүндөрүнө жет­кирет; с ы р т к ы К. – агым чогулмаларын кайра иштетүүчү жайга же көлмөгө жеткирет; суу агызуучу түтүктөр, насос станциясы ж-а тазалоочу курулмалардан турат.