КАН КУЮУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН КУЮУ – дарылоо максатында оорулуунун кан тамырына (реципиентке) донор канын же кан дары-дармектерин куюу. Эритроциттин са­нын толуктоо, айланган кандын көлөмүн ж-а анын осмос басымын калыбына келтирүү үчүн, о. эле ууланганда канга аралжы заттар (физиол. эритме) пайдаланылат. Оорулуунун канына до­нордун каны туура келгенде гана куюлат. Хи­рург. операция убагында кеткен канды толук­тап, оорулуунун организмин уулуу заттардан арылтып, инфекцияга туруктуулугун жогору­латат, кан басымын жөнгө келтирип, дем алууну жакшыртат. Оорулууга түздөн-түз донордон ре­ципиентке же алдын ала консерваланып, даяр­далган кан куюлат. Ар бир К. к-нун алдында кан топтору, резус-фактор, донор м-н реципиент­тин канынын биол. жактан туура келиши тек­шерилет. Эреже б-ча бирдей топтогу кан кую­лат. 1-топтогу резус – терс кан башка бардык топтогу оорулуунун канына туура келет. К. к. катуу кырсыкка кабылганда, кан көп кеткен операцияда, ичке кан көп акканда, күйүктө, аз кандуулукта, жугуштуу ооруларда ж. б. колдо­нулат.