КАНАДА
КАНА́ДА (англ. – Canada; фр. – Le Canada) – Түндүк Америкадагы мамлекет. Материктин түндүк бөлүгүн ж-а ага жакын жайгашкан көптөгөн аралдарды – Ванкувер, Шарлотта канышасы (батышында), Канадалык Арктика архипелагы (түн-

дүгүндө), Ньюфаундленд, Антикости, Эдуард канзадасын (түштүк-чыгышында) камтыйт. Түштүк- батышынан Тынч океан, түндүгүнөн Түндүк Муз океан ж-а анын Бофорт деңизи, чыгышынан Атлантика океаны ж-а анын деңиздери – Баффин, Лабрадор, ошондой эле Гудзон булуңу м-н чулганат. Жээк сызыгынын узундугу 243 миң км (аралдардын жээктерин кошо; дүйнөдөгү эң узун жээк). Түштүгүндө ж-а түндүк-батышында кургактык аркылуу АКШ м-н чектешет (чек арасынын узундугу 8,9 миң км, анын ичинде Аляска м-н 2,5 миң км). Аянты 9984,7 миң км2 (анын ичинде ички сууларыныкы 891,2 миң км2); аянты боюнча дүйнөдө Россиядан кийинки 2-орунда. Калкы 33,1 млн (2008). Борбору – Оттава ш. Расмий тилдери – англис ж-а француз тилдери. Акча бирдиги – канада доллары. Канада – 10 провинциядан ж-а федерацияга баш ийген 3 аймактан турган федерация (к. таблицаны).
| Адм. бирдиктери | Аянты, миң км2 | Калкы, миң адам | Адм. борбору |
| П р о в и н ц и я л а р ы | |||
| Альберта | 642,3 | 3416,0 | Эдмонтон |
| Британ Колумбиясы | 925,2 | 4190,0 | Виктория |
| Жаңы Шотландия | 53,3 | 7657,4 | Галифакс |
| Квебек | 1365,1 | 914,4 | Квебек |
| Манитоба | 553,6 | 1158,2 | Виннипег |
| Нью-Брансуик | 71,4 | 729,2 | Фредериктон |
| Ньюфаундленд ж-а | |||
| Лабрадор | 373,9 | 502,0 | Сент-Жонс |
| Онтарио | 917,7 | 12442,8 | Торонто |
| Саскачеван | 591,7 | 962,7 | Режайна |
| Эдуард канзада аралы | 5,7 | 135,9 | Шарлоттаун |
| А й м а к т а р ы | |||
| Нунавут | 1936,1 | 30,6 | Икалуит |
| Түндүк-Батыш аймак | 1183,1 | 43,1 | Йеллоунайф |
| Юкон | 474,4 | 31,0 | Уайтхорс |
Канада – БУУга (1945), ЭВФке (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкына (1945), НАТОго (1949), ЕККУга (1973), Азия – Тынч океан экономикалык кызматташтыгына (1989), Америка өлкөлөрүнүн уюмуна (1990), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К. – федерациялык мамлекет. Негизги документи Британдык Түн. Америка ж-дө акт (1867, 1871, 1886, 1907, 1915), Конституциялык акт (1982) ж-а Вестминстер статуту (1931) эсептелет. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекеттин расмий башчысы – британдык монарх (1952-жылдан Елизавета II Канада королевасы титулуна да ээ). Анын милдетин Англия королу К. премьер-министринин кеңеши м-н дайындаган генерал-губернатор аткарат. Мыйзам чыгаруу бийлиги монархка ж-а эки палаталуу парламентке таандык. Төмөнкү палата – Общиналар палатасы. Общиналар палатасынын депутаттары жалпы шайлоодо 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку палата – Сенат. Сенаторлорду премьер-министрдин кеңеши б-ча генерал-губернатор региондордон дайындайт. Аткаруу бийлиги
монархка таандык болгону м-н өкмөт – министрлер кабинети иш жүзүнө ашырат. Министрлер кабинетин премьер-министр башкарат. Ал Общиналар палатасындагы көпчүлүк орунду ээлеген партиянын лидерин дайындайт. Өкмөт Общиналар палатасынын алдында жооптуу. Провинцияларды башкаруу лейтенант-губернаторлор тарабынан ишке ашырылат. Аларды провинциялык өкмөттүн сунушу б-ча генерал-губернатор дайындайт. Провинцияларда бир палаталуу мыйзам чыгаруу жыйыны иштейт. Жерг. өз алдынча башкаруу органдарына графтык ж-а округдук кеңештер, муниципалитеттер кирет. К-да негизинен көп партиялуу система
орун алган.
Саясий партиялары – Либералдар
партиясы, Консерваторлор партиясы, Квебек партиясы, Жаңы демокр. партия.
Табияты
. Жээктери түн. ж-а түн.-чыгышында түздүктүү ж-а бир аз тилмеленген (айрыкча Гудзон булуңунун жээктери), чыгышында тик, негизинен фьорддуу (Баффин Жери а., Лабрадор ж. а., Ньюфаундленд а.), батышында тоолуу, булуңдар – фьорддор м-н терең тилмеленген. К-нын аймагынын басымдуу бөлүгү түздүктүү рельефи м-н өзгөчөлөнөт; батышында жазылыгы 1000 кмге жеткен К. Кордильерасы тоолуу тилкеси (Түн. Америка Кордильерасынын бир бөлүгү) созулуп жатат. Бардык жеринде антропогендик муз каптоонун издери кеңири таралган. Азыркы көп жылдык тоң тоо тектери өлкөнүн жарымына жакын аймагын ээлейт. Түндүгүндөгү көп жылдык тоң текши каптаган зонадагы анын калыңдыгы 400 мге жетет.
Өлкөнүн түн. четинде жайгашкан Канадалык Арктика архипелагынын көптөгөн аралдары кысыктардын татаал системасы м-н бөлүнүп, негизинен дөбө-түздүктүү рельеф (Банкс, Виктория ж. б. аралдарга) мүнөздүү. Архипелагдын
чыгыш бөлүгүнүн аралдары негизинен тоолуу
(бийикт. Элсмир а-нда 2926 мге жетет) ж-а мөңгүлүү (Элсмир, Баффин Жери, Девон, Аксель- Хейберг ж. б.). Материктин зор бөлүгүн, Лабрадор ж. а-н кошо Лаврентий дөңсөөсү ээлейт; ага
дөбөлүү рельеф (орт. бийикт. 200–500 м), арасында бийикт. 900–1000 мге жеткен калдык
дөңсөөлөр кездешет. Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон рельефтин формалары (кой маңдай таштар, друмлиндер ж. б.), о. эле көлдөр ж-а саздар кеңири таралган. Лаврентий дөңсөөсүнүн батыш ж-а чыгыш чет-жакаларында ири
көлдөр – Чоң Аюулуу көл, Чоң Эрксиз көл, Атабаска көлү, Виннипег, Жогорку көл, Гурон ж. б. жайгашкан; алар негизинен мөңгү-тектон. ж-а мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөр. Гудзон булуңунун түш.-батыш жээгинде жазылыгы 500 кмге жеткен өтө саздуу, тегиз түздүк жайгашкан. Канада Кордильерасынын чыгыш этеги м-н Лаврентий дөңсөөсүнүн аралыгында К-нын Ички түздүктөрүнүн тилкеси (Улуу түз-

дүктөрдүн түн. бөлүгү) созулуп, батыштан чыгышты карай 1000 мден 200 мге чейин жапыздайт. Катмарлуу түздүктөр, куэста жалдары, дөбө-дөңсөөлөр кеңири таралган; К. Кордильерасынын этек тоолоруна эрозиялык тилмеленүүгө өтө дуушарланган бийик түздүктөр, айрым жерлерине бедленддер мүнөздүү. Өлкөнүн түш.-чыгышын ээлеген Түн. Аппалачи тоолорунун (бийикт. 1268 мге чейин, Нотр-Дам чокусу) ж-а Ньюфаундленд а-нын рельефинде денудациялык түздүктөр, дөңсөөлөр ж-а бөксө тоолор
(бийикт. 500–800 м) басымдуулук кылат. Эң
түштүгүндө Онтарио ж. а-нын куэста түзүлүштөгү түздүктөрү жайгашкан. К. Кордильерасы тоолуу алкагына эрозиялык терең тилмеленүү, реликт ж-а азыркы тоо-мөңгү рельефинин формалары мүнөздүү. К. Кордильерасынын орографиясына негизинен узатасынан созулган 3 зона мүнөздүү:
батыш зонасы – Ыйык Илья тоолору (бийикт.
5951 мге чейин, Логан чокусу – К-нын эң бийик
жери), Жээк кырка тоолору (3994 м, Уоддингтон чокусу); К. Кордильерасынын Ички платолорун – денудациялык Юкон, лавалуу Фрейзер ж-а Нечако платолорун камтыйт; чыгыш зонасын – Маккензи ж-а Аскалуу тоолору түзөт
(3954 м, Робсон тоосу).
К-нын басымдуу бөлүгүнүн аймагын байыркы Түндүк Америка платформасынын түн. бөлүгү ээлейт. Платформанын кембрийге чейинки кристаллдык фундаменти анын борб. ж-а
чыгыш бөлүктөрүндө жер бетине чыгып, Канада калканын түзөт. Ал чыгышынан каледон (Түн. Аппалачи), түндүгүнөн Иннуит бүктөлүү структуралары (Канадалык Арктика архипелагынын түн. аралдары) м-н чектешет. Өлкөнүн батышындагы К. Кордильерасы мезозой-кайнозой тектон. структурасына таандык. К. түрдүү кен байлыктарга бай: цинк (жалпы запасы б-ча дүйнөдө Австралиядан кийинки 2-орунда), вольфрам (Кытайдан кийинки 2-орунда), уран (Австралия, Казакстандан кийинки 3-орунда), коргошун (Австралия, АКШ, Казакстандан кийинки 4-орунда), нефть (Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда), газ, никель, жез, темир, алтын, калий тузу, молибден, алмаз ж. б.
К-нын аймагынын басымдуу бөлүгү субарктика ж-а мелүүн климаттык алкактарда, түн. чети