КАЙРАК ЖЕР
КАЙРАК ЖЕР – дыйканчылык өнүккөн аймактагы айыл чарба өсүмдүктөрү сугатсыз өстүрүлгөн жер. Кайрат жер көбүнчө тоо этегиндеги түздүктөрдү, адырларды, бөксө тоолорду, ошондой эле оазистердин сугатка ыңгайсыз чет-жакаларын ээлейт, анда негизинен кургактыкка чыдамдуу дан, тоют ж-а бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Бул өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү жаан-чачынга, рельефтин өзгөчөлүгүнө ж-а топурак кыртышына карата аныкталат. Кайрак жер Кыргызстанда кеңири аянттарды ээлейт.