КАЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗ – каз сымалдар түркүмүндөгү өрдөктөр ту­кумунун сууда сүзүүчү куштар уруусу. Дене узундугу 1 мге жетет, салмагы 2–6 кг. Шыйрагы узун, ба-

Каздар: 1 – боз каз; 2 – ак каз.

сууга ыңгайланган. Негизинен өсүмдүк, айрым­дары курт-кумурска ж. б. м-н азыктанат. Ас­кага же жерге уялап, 5–8 жумуртка тууп, эр­кек-ургаачысы алмак-салмак басат. КМШ өлкө­лөрүндө 5 уруу, 8 түрү бар. Кыргызстанда маңка каз (тоо казы) кездешет. Б а к м а каз жапайы боз каздан чыккан. Ургаачысы жылына 20–25 жөжө чыгарат. Бордоп семирткенде айрымда­ры 10 кгга чейин эт берет. Каздар көк чөптү жак­шы оттойт. Жылына 30–40, айрым породала­ры 100дөй жумуртка тууйт. Жыл өткөн сайын жумуртканы көп берет (2-жылы 1-жылга ка­раганда 15–25%ке, 3-жылы 30–40%ке ашат). Эт багытындагылар 6 айлыгында союлат. Этинде 16%тей белок, 35%тей май болуп, күчтүү келет. Каз майы – үшүккө, күйүккө дары. Жүнүнөн мамык ж. б. алынат. Каз май айынан октябрга чейин жайытта, кышында атайын жайда (жылытылбаган) багылат. Ургаал ба­гуу үчүн атайын жарык ж-а жылуу жайда кармалат. Мында салмагы 5 кгдан ашык каз­га 1 м2 аянт туура келгидей болуу керек. Багуу мезгилинде тоют рациону болжол м-н (1 башка г эсебинде): дан 215, күн жара ж-а кызылча тобу 30, чыктуу ж-а көк тоют 200– 350, чөп уну 70, ачыткы 2, туз 1,5–2 г берилет. Кыргызстанда ири боз каз, холмогор казы ж. б. ба­гылат.

Ад.: Сметнев С. И. Птицеводство. 5-е изд. М., 1970.