КАНАДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНА́ДА (англ. – Canada; фр. – Le Canada) – Түн. Америкадагы мамлекет. Материктин түн. бөлүгүн ж-а ага жакын жайгашкан көптөгөн аралдарды – Ванкувер, Шарлотта канышасы (ба­тышында), Канадалык Арктика архипелагы (түн-

дүгүндө), Ньюфаундленд, Антикости, Эдуард канзадасын (түш.-чыгышында) камтыйт. Түш.- батышынан Тынч океан, түндүгүнөн Түн. Муз океан ж-а анын Бофорт деңизи, чыгышынан Атлантика океаны ж-а анын деңиздери – Баф­фин, Лабрадор, о. эле Гудзон булуңу м-н чулга­нат. Жээк сызыгынын уз. 243 миң км (аралдар­дын жээктерин кошо; дүйнөдөгү эң узун жээк). Түштүгүндө ж-а түн.-батышында кургактык ар­кылуу АКШ м-н чектешет (чек арасынын уз. 8,9 миң км, а. и. Аляска м-н 2,5 миң км). Аянты 9984,7 миң км2 (а. и. ички суулары­ныкы 891,2 миң км2); аянты б-ча дүйнөдө Рос­сиядан кийинки 2-орунда. Калкы 33,1 млн (2008). Борбору – Оттава ш. Расмий тилдери – англис ж-а француз тилдери. Акча бирдиги – канада доллары. К. – 10 провинциядан ж-а фе­дерацияга баш ийген 3 аймактан турган феде­рация (к. таблицаны).

Адм. бирдиктери Аянты, миң км2 Калкы, миң адам Адм. борбору
П р о в и н ц и я л а р ы
Альберта 642,3 3416,0 Эдмонтон
Британ Колумбиясы 925,2 4190,0 Виктория
Жаңы Шотландия 53,3 7657,4 Галифакс
Квебек 1365,1 914,4 Квебек
Манитоба 553,6 1158,2 Виннипег
Нью-Брансуик 71,4 729,2 Фредериктон
Ньюфаундленд ж-а
Лабрадор 373,9 502,0 Сент-Жонс
Онтарио 917,7 12442,8 Торонто
Саскачеван 591,7 962,7 Режайна
Эдуард канзада аралы 5,7 135,9 Шарлоттаун
А й м а к т а р ы
Нунавут 1936,1 30,6 Икалуит
Түндүк-Батыш аймак 1183,1 43,1 Йеллоунайф
Юкон 474,4 31,0 Уайтхорс

К. – БУУга (1945), ЭВФке (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкына (1945), НАТОго (1949), ЕККУга (1973), Азия – Тынч океан экон. кызматташтыгына (1989), Амери­ка өлкөлөрүнүн уюмуна (1990), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү

. К. – федерациялык мамлекет. Негизги документи Британдык Түн. Америка ж-дө акт (1867, 1871, 1886, 1907, 1915), Конституциялык акт (1982) ж-а Вестминстер статуту (1931) эсептелет. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекеттин рас­мий башчысы – британдык монарх (1952-жыл­дан Елизавета II Канада королевасы титулуна да ээ). Анын милдетин Англия королу К. пре­мьер-министринин кеңеши м-н дайындаган ге­нерал-губернатор аткарат. Мыйзам чыгаруу бий­лиги монархка ж-а эки палаталуу парламентке таандык. Төмөнкү палата – Общиналар пала­тасы. Общиналар палатасынын депутаттары жалпы шайлоодо 5 жылдык мөөнөткө шайла­нат. Жогорку палата – Сенат. Сенаторлорду пре­мьер-министрдин кеңеши б-ча генерал-губерна­тор региондордон дайындайт. Аткаруу бийлиги


монархка таандык болгону м-н өкмөт – министр­лер кабинети иш жүзүнө ашырат. Министрлер кабинетин премьер-министр башкарат. Ал Общиналар палатасындагы көпчүлүк орунду ээлеген партиянын лидерин дайындайт. Өкмөт Общиналар палатасынын алдында жооптуу. Провинцияларды башкаруу лейтенант-губерна­торлор тарабынан ишке ашырылат. Аларды про­винциялык өкмөттүн сунушу б-ча генерал-гу­бернатор дайындайт. Провинцияларда бир па­латалуу мыйзам чыгаруу жыйыны иштейт. Жерг. өз алдынча башкаруу органдарына граф­тык ж-а округдук кеңештер, муниципалитеттер кирет. К-да негизинен көп партиялуу система орун алган.
Саясий партиялары – Либералдар партиясы, Консерваторлор партиясы, Квебек партиясы, Жаңы демокр. партия.

Табияты

. Жээктери түн. ж-а түн.-чыгышын­да түздүктүү ж-а бир аз тилмеленген (айрыкча Гудзон булуңунун жээктери), чыгышында тик, негизинен фьорддуу (Баффин Жери а., Лабра­дор ж. а., Ньюфаундленд а.), батышында тоо­луу, булуңдар – фьорддор м-н терең тилмелен­ген. К-нын аймагынын басымдуу бөлүгү түздүк­түү рельефи м-н өзгөчөлөнөт; батышында жа­зылыгы 1000 кмге жеткен К. Кордильерасы тоо­луу тилкеси (Түн. Америка Кордильерасынын бир бөлүгү) созулуп жатат. Бардык жеринде антропогендик муз каптоонун издери кеңири таралган. Азыркы көп жылдык тоң тоо текте­ри өлкөнүн жарымына жакын аймагын ээлейт. Түндүгүндөгү көп жылдык тоң текши каптаган зонадагы анын калыңдыгы 400 мге жетет.
Өлкөнүн түн. четинде жайгашкан Канадалык Арктика архипелагынын көптөгөн аралдары кысыктардын татаал системасы м-н бөлүнүп, негизинен дөбө-түздүктүү рельеф (Банкс, Вик­тория ж. б. аралдарга) мүнөздүү. Архипелагдын чыгыш бөлүгүнүн аралдары негизинен тоолуу (бийикт. Элсмир а-нда 2926 мге жетет) ж-а мөң­гүлүү (Элсмир, Баффин Жери, Девон, Аксель- Хейберг ж. б.). Материктин зор бөлүгүн, Лабра­дор ж. а-н кошо Лаврентий дөңсөөсү ээлейт; ага дөбөлүү рельеф (орт. бийикт. 200–500 м), ара­сында бийикт. 900–1000 мге жеткен калдык дөңсөөлөр кездешет. Мөңгүнүн аракетинен пай­да болгон рельефтин формалары (кой маңдай таштар, друмлиндер ж. б.), о. эле көлдөр ж-а саздар кеңири таралган. Лаврентий дөңсөөсү­нүн батыш ж-а чыгыш чет-жакаларында ири көлдөр – Чоң Аюулуу көл, Чоң Эрксиз көл, Ата­баска көлү, Виннипег, Жогорку көл, Гурон ж. б. жайгашкан; алар негизинен мөңгү-тектон. ж-а мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөр. Гуд­зон булуңунун түш.-батыш жээгинде жазылы­гы 500 кмге жеткен өтө саздуу, тегиз түздүк жайгашкан. Канада Кордильерасынын чыгыш этеги м-н Лаврентий дөңсөөсүнүн аралыгында К-нын Ички түздүктөрүнүн тилкеси (Улуу түз-

Ыйык Лаврентий.

дүктөрдүн түн. бөлүгү) созулуп, батыштан чы­гышты карай 1000 мден 200 мге чейин жапыз­дайт. Катмарлуу түздүктөр, куэста жалдары, дөбө-дөңсөөлөр кеңири таралган; К. Кордилье­расынын этек тоолоруна эрозиялык тилме­ленүүгө өтө дуушарланган бийик түздүктөр, ай­рым жерлерине бедленддер мүнөздүү. Өлкөнүн түш.-чыгышын ээлеген Түн. Аппалачи тоолору­нун (бийикт. 1268 мге чейин, Нотр-Дам чокусу) ж-а Ньюфаундленд а-нын рельефинде денуда­циялык түздүктөр, дөңсөөлөр ж-а бөксө тоолор (бийикт. 500–800 м) басымдуулук кылат. Эң түштүгүндө Онтарио ж. а-нын куэста түзүлүштөгү түздүктөрү жайгашкан. К. Кордильерасы тоолуу алкагына эрозиялык терең тилмеленүү, реликт ж-а азыркы тоо-мөңгү рельефинин формалары мүнөздүү. К. Кордильерасынын орографиясына негизинен узатасынан созулган 3 зона мүнөздүү: батыш зонасы – Ыйык Илья тоолору (бийикт. 5951 мге чейин, Логан чокусу – К-нын эң бийик жери), Жээк кырка тоолору (3994 м, Уоддинг­тон чокусу); К. Кордильерасынын Ички пла­толорун – денудациялык Юкон, лавалуу Фрей­зер ж-а Нечако платолорун камтыйт; чыгыш зонасын – Маккензи ж-а Аскалуу тоолору түзөт (3954 м, Робсон тоосу).
К-нын басымдуу бөлүгүнүн аймагын байыр­кы Түндүк Америка платформасынын түн. бөлүгү ээлейт. Платформанын кембрийге чейин­ки кристаллдык фундаменти анын борб. ж-а чыгыш бөлүктөрүндө жер бетине чыгып, Кана­да калканын түзөт. Ал чыгышынан каледон (Түн. Аппалачи), түндүгүнөн Иннуит бүктөлүү структуралары (Канадалык Арктика архипела­гынын түн. аралдары) м-н чектешет. Өлкөнүн батышындагы К. Кордильерасы мезозой-кайно­зой тектон. структурасына таандык. К. түрдүү кен байлыктарга бай: цинк (жалпы запасы б-ча дүйнөдө Австралиядан кийинки 2-орунда), вольфрам (Кытайдан кийинки 2-орунда), уран (Австралия, Казакстандан кийинки 3-орунда), коргошун (Австралия, АКШ, Казакстандан ки­йинки 4-орунда), нефть (Сауд Арабиясынан ки­йинки 2-орунда), газ, никель, жез, темир, ал­тын, калий тузу, молибден, алмаз ж. б. К-нын аймагынын басымдуу бөлүгү субаркти­ка ж-а мелүүн климаттык алкактарда, түн. чети