КАМЫШ-БАШЫ (Сузак районундагы кыштак)
КАМЫШ-БАШЫ – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Сузак айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 750 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 7 км түн. тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 12 км. Калкы 1001 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал багат. Негизги мектеп бар.