КАМЧАДАЛДАР
КАМЧАДАЛДАР – Камчатканын жерг. калкы.
Саны 2,3 миң киши, а. и. 1,9 миңи Камчаткада, 314ү Магадан обл-нда, 132си Коряк автономия округунда жашашат (2002). Орус тилинде сүйлөшөт. К. 18–19-к-да Камчатка ж. а-на
көчүп келген орустар м-н аралашып кеткен Камчатка ж-а Магадан обл-нын жерг. калкынын (ительмендер) тукумдары. К. балык уулоочулук ж-а аңчылык м-н кесиптенишип, багыш өстүрүшөт. Тамак-ашы – негизинен балык азыктары. К-дын салттуу мад-ты ительмендердикине жакын. Улуттук майрамы – Алхалалай.