КАМПАЛА
КАМПА́ЛА – Уганда Респ-нын борбору, шаар.
Борб. обл-нун адм. борбору. Виктория көлүнүн түн. жээгине жакын, деңиз деңг. 1300 м бийикте жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2008; өлкөдөгү эң ири шаар). Эл аралык аэропорту бар. 1890-ж. негизделген. 15-к-да Буньоро королдугунун курамына кирген; 1905-ж. чейин Британия колониялык администрациясынын резиденциясы болгон. 1949-жылдан шаар статусуна ээ. 1962- жылдын апрелинен Уганданын борбору (Энтеббе ш-нан кийин). Тамак-аш–татымал, текстиль,
металл иштетүү ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-т (1970, улуттук), ил. мекемелер (а. и. Уганда коому ж. б.), ин-ттар (а. ч. ж-а мал чарба продукциясын изилдөөчү, Чыгыш Африка региондук), калк китепканасы, археол. изилдөөлөрдүн борбору, музей (Африка муз. аспаптарынын кайталангыс коллекциясы сакталган), театрлар бар. Арх-ра эстеликтеринен Рубага собору, Буганда королдорунун күмбөздөрү сакталган.